# 643-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 643-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-643

---

1. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган ишти буюртмачы кабыл алган же кабыл алууга тийиш болгон учурдан тартып гарантия мөөнөтү (641-статьянын 1-пункту) өтө баштайт.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса же подряд келишиминин өзгөчөлүктөрүнөн башкасы келип чыкпаса, подряд келишими боюнча гарантия мөөнөтүн эсептөөгө тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 434-статьясындагы 2-4-пункттарда камтылган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [642-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-642)  
Кийинки берене: [644-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-644)
