# 641-статья. Иштин сапаты

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 641-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-641

---

1. Подрядчы аткарган иштин сапаты подряд келишиминин шарттарына, ал эми келишимдин шарты болбосо же толук болбосо - тиешелүү түрдөгү ишке демейде коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Буюртмачыга өткөрүп берүү учурунда аткарылган иштин натыйжасы келишимде көрсөтүлгөн же демейде коюлуучу талаптарда аныкталган касиеттерге ээ болууга тийиш. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган иштин натыйжасы келишимде белгиленген акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде пайдалануу үчүн, ал эми келишимде мындай пайдалануу каралбаса - мындай түрдөгү ишти демейкидей пайдалануу үчүн жарактуу болууга тийиш.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же алар тарабынан белгиленген тартипте подряд келишими боюнча аткарылуучу ишке карата милдеттүү талаптар каралса, ишкер катарында иштеген подрядчы ушул милдеттүү талаптарды сактоо менен ишти аткарууга милдеттүү.

Подрядчы өзүнө келишим боюнча сапат талаптарына жооп берген ишти тараптар үчүн белгиленген талаптарга салыштырганда алда канча жогорку сапатта аткаруу милдетин кабыл ала алат.

---

Мурунку берене: [640-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-640)  
Кийинки берене: [642-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-642)
