# 639-статья. Подряд келишими боюнча буюртмачы утурлама милдеттерди аткарбай коюшу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 639-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-639

---

1. Буюртмачы подряд келишими боюнча өз милдеттерин бузушу, атап айтканда, материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетилүүчү (иштетилүүчү) буюмду бербей коюшу подрядчы келишимди аткарышына тоскоолдук кылса, ошондой эле көрсөтүлгөн милдеттер белгиленген мөөнөттө аткарылбай тургандыгын ачык-айкын айгинелеген кырдаалдар болсо, подрядчы ишке киришпөөгө, ал эми башталган ишти токтотуп коюуга укуктуу.

Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар бар болгон учурда подрядчы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [638-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-638)  
Кийинки берене: [640-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-640)
