# 638-статья. Буюртмачынын көмөктөшүүсү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 638-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-638

---

1. Буюртмачы подряд келишиминде каралган учурларда, көлөмдө жана тартипте ишти аткарууга подрядчыга көмөктөшүүгө милдеттүү.

Буюртмачы мындай милдетти аткарбаган учурда подрядчы келтирилген чыгымдардын, анын ичинде бош туруп калуудан улам келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун толтурууну же ишти аткаруу мөөнөтүн которууну же келишимде көрсөтүлгөн иштин баасын көбөйтүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Буюртмачынын иш-аракетинин же каталыктарынын айынан подряд келишими боюнча ишти аткаруу мүмкүн болбогон учурда подрядчы иштин аткарылган бөлүгүн эске алуу менен ага келишимде көрсөтүлгөн баа төлөнүшүнүн укугун сактап калат, мында подрядчы алган же алышы мүмкүн болгон сумма келишимди аткарбагандыгына байланыштуу алып салынат.

---

Мурунку берене: [637-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-637)  
Кийинки берене: [639-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-639)
