637-статья. Подрядчы буюртмачыга эскертүүгө милдеттүү болгон кырдаалдар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 30-Глава
1. Подрядчы:
буюртмачы берген материалдардын, жабдуулардын, техникалык документациянын же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмдун жараксыздыгын же сапаты начар экендигин; ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө буюртмачынын көрсөтмөлөрүн аткаруунун ал үчүн мүмкүн болгон жагымсыз натыйжаларын; аткарылып жаткан иштин жарактуулугуна же бекемдигине коркунуч келтирген же аны мөөнөтүндө аяктоого мүмкүндүк бербеген, подрядчыга байланыштуу болбогон башка кырдаалдарды; - байкаганда буюртмачыга тез арада эскертүүгө жана андан көрсөтмө алганга чейин ишти токтотууга милдеттүү.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө буюртмачы эскертпеген же келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганча, ал эми андай мөөнөт жокто эскертүүгө жооп алуу үчүн акылга сыярлык мөөнөт аяктаганга чейин күтпөстөн же ишти токтотуу жөнүндө буюртмачынын өз учурундагы көрсөтмөсүнө карабастан ишти уланткан подрядчы тиешелүү талаптар ага карата же ал тарабынан буюртмачыга карата коюлганда көрсөтүлгөн кырдаалдарга таянууга укуксуз.
3. Эгерде буюртмачы ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө подрядчынын өз учурундагы жана негиздүү эскертүүсүнө карабастан, акылга сыярлык мөөнөттө жараксыз же сапаты начар материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмду алмаштырбаса, ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө көрсөтмөнү өзгөртпөсө же анын жараксыз болушуна алып келүүчү кырдаалдарды жоюу үчүн башка зарыл чараларды көрбөсө, подрядчы подряд келишимин аткаруудан баш тартууга жана аны токтотуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
637-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-637" title="637-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>