# 636-статья. Подрядчы ишти аткарып жаткан учурда буюртмачынын укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 636-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-636

---

1. Буюртмачы подрядчынын ишине кийлигишпестен, ал аткарган иштин жүрүшүн жана сапатын каалаган учурда текшерүүгө укуктуу.

2. Эгерде подрядчы подряд келишимин аткарууга өз учурунда киришпесе же ишти өтө жай жүргүзгөндүктөн аны мөөнөтүндө бүтүрүү таптакыр мүмкүн болбосо, буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде иш аткарылышынын жүрүшүндө ал ойдогудай аткарылбай тургандыгы айкын болсо, буюртмачы кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга акылга сыярлык мөөнөттү дайындоого укуктуу жана подрядчы ушул талапты дайындалган мөөнөттө аткарбаса, подряд келишиминен баш тартууга же ишти подрядчынын эсебинен оңдоону башка жакка тапшырууга, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, келишимди аткарудан баш тарткандыгы жөнүндө буюртмачынын билдирүүсүн алганга чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бөлүгүн подрядчыга төлөгөндөн кийин буюртмачы өзүнө иштин натыйжасы тапшырылганга чейин эле келишимди аткаруудан каалаган учурда баш тарта алат. Буюртмачы ошондой эле подряд келишимин токтотуудан улам подрядчыга келтирилген зыяндын ордун бүткүл иш үчүн аныкталган баа менен аткарылган иш үчүн төлөнгөн баанын бир бөлүгүнүн ортосундагы айырманын өлчөмүндө толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [635-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-635)  
Кийинки берене: [637-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-637)
