# 634-статья. Ишти буюртмачынын материалын пайдалануу менен аткаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 634-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-634

---

1. Подрядчы буюртмачы берген материалды үнөмдүү жана эсеби менен пайдаланууга, иш аяктагандан кийин буюртмачыга материалдын чыгымдалышы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле анын калганын кайра кайтарууга же порядчыда калган пайдаланылбаган материалдын наркын эске алып, буюртмачынын макулдугу менен иштин баасын төмөндөтүүгө милдеттүү.

2. Эгерде подрядчы буюртмачы берген материалдарды ойдогудай кабыл алууда ал кемчиликтерди табышы мүмкүн болбогондугун далилдебесе, подряды ушул материалдардын кемчиликтеринен улам келип чыккан иштин ойдогудай эмес аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [633-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-633)  
Кийинки берене: [635-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-635)
