# 632-статья. Ишке акы төлөө тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 632-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-632

---

1. Эгерде подряд келишиминде аткарылган ишке же анын айрым этаптарына алдын ала акы төлөө каралбаса, иш ойдогудай түрдө жана макулдашылган мөөнөттө же буюртмачынын макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда аткарылган шартта, буюртмачы подрядчыга шартталган бааны иштин натыйжасы биротоло тапшырылгандан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Подрядчы мыйзамда же подряд келишиминде көрсөтүлгөн учурларда жана өлчөмдө гана ага аванс же алдын ала күрөө төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [631-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-631)  
Кийинки берене: [633-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-633)
