# 627-статья. Башкы подрядчы жана субподрядчы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 627-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-627

---

1. Эгерде мыйзамдан же подряд келишиминен подрядчы келишимде каралган ишти жеке аткарууга милдети келип чыкпаса, подрядчы өз милдеттеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыны) тартууга укуктуу. Мындай учурда подрядчы башкы подрядчынын ролунда болот.

2. Башкы подрядчы ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пункттун жана 367-статьянын эрежелерине ылайык субподрядчы милдеттерди аткарбай коюшунун же ойдогудай аткарбай коюшунун натыйжасы үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик, ал эми буюртмачы подряд келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгондугу же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн субподрядчынын алдында жоопкерчилик тартат.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, буюртмачы менен субподрядчынын ар бири башкы подрядчы менен түзгөн подряд келишиминин бузулушу менен байланышкан талаптарды бири-бирине коюуга укуксуз.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерин же келишимди бузуу менен подряд келишимин аткарууга субподрядчыны тарткан подрядчы келишимди аткарууга субподрядчынын катышуусу менен келтирилген зыян үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

4. Башкы подрядчынын макулдугу менен буюртмачы айрым иштерди аткарууга башка жактар менен келишим түзүүгө укуктуу. Мындай учурда көрсөтүлгөн жактар иштин аткарылбай калышы же ойдогудай эмес аткарылышы үчүн түздөн-түз буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [626-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-626)  
Кийинки берене: [628-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-628)
