# 626-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 626-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-626

---

1. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же подряд келишиминде башкача каралбаса:

буюмду кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген материалдардын, жабдуулардын же мүлк келишимин аткаруу үчүн пайдаланылган башка мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин аларды берген тарап тартат; аткарылган иштин натыйжасын кабыл алганга чейин ал капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин подрядчы тартат.

2. Иштин натыйжасын өткөрүп берүү же кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетсе, ушул статьянын 1-пунктунда каралган тобокелдиктерди мөөнөттүн өтүшүнө жол берген тарап тартат.

---

Мурунку берене: [625-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-625)  
Кийинки берене: [627-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-627)
