# 623-статья. Подряд келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-623>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-623.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 623-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-623

---

1. Подряд келишими боюнча тараптардын бири (подрядчы) экинчи тараптын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча айрым ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буюртмачыга тапшырууга, ал эми буюртмачы иштин натыйжасын кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, иш подрядчынын тобокелдиги менен аткарылат.

2. Эгерде ушул Кодекстин келишимдин башка түрлөрү жөнүндөгү эрежелеринде башкача белгиленбесе, подряд келишиминин айрым түрлөрүнө (турмуш-тиричилик подряды, курулуш подряды, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд) карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

---

Мурунку берене: [622-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-622)  
Кийинки берене: [624-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-624)
