# 621-статья. Акысыз пайдалануу келишиминде тараптын өзгөрүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 621-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-621

---

1. Ссуда берүүчү буюмду оолактатууга жана аны үчүнчү жактын акысыз пайдалануусуна берүүгө укуктуу. Мында жаңы менчиктөөчүгө же пайдалануучуга мурда түзүлгөн акысыз пайдалануу келишими боюнча укукта өтөт, ал эми буюмга карата анын укуктарына ссуда алуучунун укуктары кошулат.

2. Ссуда алуучу граждандын көзү өткөндө же ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча алардын укуктары менен милдеттери мураскоруна (укугун мурастоочуга) же менчик укугу же буюмду акысыз пайдаланышына берген башка укук өткөн башка жакка өтөт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча анын укуктары менен милдеттери укугун мурастоочуга өтөт.

---

Мурунку берене: [620-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-620)  
Кийинки берене: [622-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-622)
