# 619-статья. Акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 619-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-619

---

1. Эгерде ссуда алуучу:

1) буюмду келишимге же буюмдун арналышына ылайык пайдаланбаса;

2) буюмду оң абалда кармоо же аны күтүү боюнча милдеттерди аткарбаса;

3) буюмдун абалын олуттуу начарлатса;

4) буюмду ссуда берүүчүнүн макулдугусуз үчүнчү жакка берсе,

- ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучу төмөнкүдөй учурларда акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу:

1) буюмду ойдогудай пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербеген же зыяндуу болгон кемчиликтери бар экендигин келишим түзүп жаткан учурда билбесе же билиши мүмкүн болбосо, ушул кемчиликтерди тапканда;

2) эгерде ал жооп бербей турган кырдаалдардан улам буюм пайдаланууга жараксыз абалга келсе;

3) эгерде келишим түзүү учурунда ссуда берүүчү берилип жаткан буюмга үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертпесе.

---

Мурунку берене: [618-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-618)  
Кийинки берене: [620-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-620)
