# 613-статья. Акысыз пайдаланууга берилген буюмдун кемчиликтери үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 613-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-613

---

1. Ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин түзүүдө атайылап же ашкере байкабастыктан айтпай койгон буюмдун кемчиликтери үчүн жооп берет.

Мындай кемчиликтерди тапканда ссуда алуучу өз каалоосу боюнча ссуда берүүчүдөн буюмдун кемчиликтерин акысыз жоюуну же ссуда берүүчү буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз ниети жөнүндө билдирген учурда, буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга, же келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну жана өзү тарткан реалдуу чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучунун талаптары жөнүндө же буюмдун кемчиликтерин ссуда берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө маалымдар болгон ссуда берүүчү тез арада бузук буюмду ойдогудай абалдагы ошондой башка буюм менен алмаштыра алат.

3. Келишим түзүүдө ссуда берүүчү айткан же ссуда алуучуга мурдатан белгилүү болгон же келишим түзүүдө же буюмду өткөрүп берүүдө буюмду карап чыгуу же анын оң экендиги текшерүү учурунда ссуда алуучу көрүүгө тийиш болгон буюмдун кемчиликтери үчүн ссуда берүүчү жооп бербейт.

---

Мурунку берене: [612-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-612)  
Кийинки берене: [614-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-614)
