# 611-статья. Ссуда берүүчү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 611-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-611

---

1. Буюмду акысыз пайдаланууга берүү укугу анын менчик ээсине жана ага мыйзам же менчик ээси тарабынан башкаруу укугу берилген башка жакка таандык.

2. Коммерциялык уюм анын уюштуруучусу, катышуучусу, акционери, жетекчиси, анын башкаруу же контролдоо органдарынын мүчөсү болуп саналган жакка буюмду акысыз пайдаланууга берүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [610-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-610)  
Кийинки берене: [612-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-612)
