# 610-статья. Акысыз пайдалануу келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 610-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-610

---

1. Акысыз пайдалануу келишими (ссуда келишими) боюнча ссуда берүүчү ссуда алуучуга буюмду убактылуу акысыз берүүгө милдеттенет же берет, ал эми ссуда алуучу ал буюмдун ойдогудай иштетилишин эске алуу менен аны кандай абалда алса дал ошондой абалда же келишимде шартталган абалда кайра кайтарууга милдеттенет.

2. Ссуда берүүчү буюмду аны акысыз пайдалануу келишиминин шарттарына ылайык абалда жана анын максатына ылайык берүүгө милдеттенет.

3. Акысыз пайдалануу келишимине карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 543-статьясында, 547-статьясынын 1- жана 2-пункттарында, 548-статьянын 2-пунктунда, 552-статьяда, 560-статьянын 2-пунктунда, 562-статьясынын 1- жана 3-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [609-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-609)  
Кийинки берене: [611-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-611)
