# 608-статья. Сатуучунун жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 608-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-608

---

1. Арендатор финансы арендасынын келишиминин предмети болуп саналган мүлктү сатуучуга сатуучу менен арендага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен, атап айтканда, мүлктүн сапаты жана комплекти, аны берүү мөөнөтү жагынан жана сатуучу келишимди ойдогудай аткарбаган башка учурларда келип чыккан талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында арендатор ушул Кодексте сатуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттүү, буга ал көрсөтүлгөн мүлктүн соода-сатык келишиминин тарабы болгондо алынган мүлккө акы төлөө милдети кирбейт. Бирок арендатор арендага берүүчүнүн макулдугу болмоюнча сатуучу менен соода-сатык келишимин буза албайт.

Сатуучу менен мамилелерде арендатор жана арендага берүүчү шериктеш кредитор болушат (312-статья).

2. Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, арендага берүүчү соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды сатуучу аткарышы үчүн арендатордун алдында жооп бербейт, буга сатуучуну тандоо жоопкерчилиги арендага берүүчүгө жүктөлгөн учур кирбейт. Мындай учурда арендатор соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды өз каалоосу боюнча түздөн-түз мүлк сатуучуга, ошондой эле арендага берүүчүгө коюуга укуктуу, ушулар бирдей жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [607-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-607)  
Кийинки берене: [609-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-609)
