# 603-статья. Финансы арендасынын келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года №94 " О внесении дополнений и изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1692)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281648..5561>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 603-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-603

---

Финансы арендасынын келишими (лизинг келишими) боюнча арендага берүүчү арендатор белгилеген сатуучудан ал көрсөткөн мүлктү менчикке сатып алууга жана ушул мүлктү төлөгөн акысы үчүн арендаторго убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет. Мында арендага берүүчү аренда предметин жана сатуучуну тандоо үчүн жоопкерчилик тартпайт. Финансы арендасынын келишиминде сатуучуну жана сатып алынган мүлктү арендага берүүчү тандай тургандыгы каралышы мүмкүн. Финансы арендасынын (лизингисинин) айрым белгилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгилениши мүмкүн. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 94, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [602-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-602)  
Кийинки берене: [604-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-604)
