# 599-статья. Арендаланган ишкананын мүлкүн пайдалануу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-599>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-599.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 599-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-599

---

1. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына кирген материалдык байлыктарды арендага берүүчүнүн макулдугусуз сатууга, алмашууга, убактылуу пайдаланууга же карызга берүүгө, аларды субарендага тапшырууга жана мындай байлыктарды башка жакка берүү жагынан аренда келишими боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин бериши ишкананын наркынын төмөндөшүнө жана ишкананы арендалоо келишиминин башка жоболору бузулушуна алып келбесе, аларды берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн тартип жерге жана башка жаратылыш ресурстарына карата, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда колдонулбайт.

2. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына анын наркын жогорулата турган өзгөртүүлөрдү арендага берүүчүнүн макулдугусуз эле киргизүүгө, аны реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык жактан кайра жабдууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [598-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-598)  
Кийинки берене: [600-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-600)
