# 595-статья. Ишкананы арендалоодо кредиторлордун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 595-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-595

---

1. Ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ал арендаторго берилгенге чейин ишкана арендага берилгендиги жөнүндө арендага берүүчү тарабынан маалымдар болууга тийиш.

2. Ишкана арендага берилгендиги жөнүндө маалымдар болгон күндөн тартып бир айдын ичинде кредитор арендага берүүчүдөн тиешелүү милдеттенмелерди токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул талаптардын кайсы-бирлери коюлбаса, тиешелүү карыздарды арендаторго которууга кредитор макулдугун берди деп табылат.

3. Арендага берүүчүдөн анын милдеттенмелерин токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылган кредиторлор менен эсептешүү аяктагандан кийин гана ишкана арендаторго берилиши мүмкүн.

4. Ишкананы арендага берүү жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдалбаган кредитор ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө, ошондой эле арендага берүүчү ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун аткарбай коюшунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доону ишкана арендага берилиши жөнүндө ал билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде кое алат.

5. Ишкананын кызматкерлери жагынан укуктар менен милдеттер юридикалык жак жоюлган учурда мындай укуктар менен милдеттер өтүшү үчүн эмгек жөнүндөгү мыйзамда каралган тартипте арендага берүүчүдөн арендаторго өтөт.

---

Мурунку берене: [594-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-594)  
Кийинки берене: [596-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-596)
