# 594-статья. Ишкананы арендалоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 594-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-594

---

1. Ишкерликти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы арендалоо келишими боюнча, арендага берүүчү арендаторго акы төлөтүү менен жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана ишкананын курамына кирген башка негизги каражаттарды убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө, чийки зат запастарын, отунду, материалдарды жана башка жүгүртүү каражаттарын: жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды пайдалануу укугун, ишкана менен байланышкан башка мүлктүк укуктарды, ишкананын ишин өзгөчөлөп турган белгилерге укукту жана башка өзгөчө укуктарды келишимде аныкталган тартипте, шартта жана өлчөмдө берүүгө, ошондой эле талап коюу укугун ага берүүгө жана ишканага тиешелүү карыздарды ага которууга милдеттенет, буга арендага берүүчү башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, арендага берүүчү тиешелүү ишти аткарууга уруксаттын (лицензиянын) негизинде алган анын укуктары арендаторго берилбейт. Арендатордо мындай уруксат (лицензия) жок туруп арендатор аткара албаган милдеттенмелерди келишим боюнча берилүүчү ишкананын курамына кошуу арендага берүүчүнү кредиторлорго карата тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт.

---

Мурунку берене: [593-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-593)  
Кийинки берене: [595-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-595)
