# 593-статья. Имаратты же курулушту өткөрүп берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 593-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-593

---

1. Арендага берүүчү имаратты же курулушту өткөрүп бериши жана аны арендатор кабыл алышы өткөрүп берүү актысы боюнча же тараптар кол кое турган берүү жөнүндөгү башка документ боюнча жүзөгө ашырылат.

Эгерде мыйзамда же имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө арендага берүүчүнүн милдеттенмеси аны арендатордун ээлигине же пайдалануусуна бергенден жана өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү документке тараптар кол койгондон кийин аткарылды деп эсептелет. Тараптардын бири келишимде каралган шарттарда имаратты же курулушту өткөрүп берүү жөнүндөгү документке кол коюудан баш тартышы тиешелүү түрдө арендага берүүчү мүлктү өткөрүп берүү боюнча милдетти аткаруудан, ал эми арендатор мүлктү кабыл алуудан баш тарткандыгы катары каралат.

2. Эгерде имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын же берүү жөнүндө башка документти түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу арендага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Имаратты же курулушту арендалоо келишими токтотулганда арендаланган имарат же курулуш ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди сактоо менен арендага берүүчүгө кайтарылууга тийиш.

5-§. Ишканаларды арендалоо

---

Мурунку берене: [592-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-592)  
Кийинки берене: [594-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-594)
