# 592-статья. Аренда акысынын өлчөмү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 592-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-592

---

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишиминде аренда акысынын өлчөмү каралууга тийиш. Аренда акысынын өлчөмү жөнүндө тараптар макулдашкан жазуу жүзүндөгү шарттар жок болгон учурда имаратты же курулушту арендалоо келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.

Мында ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктта каралган бааны аныктоо эрежелери колдонулбайт.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имаратты же курулушту арендалоо келишиминде имаратты же курулушту пайдалангандыгы үчүн белгиленген акы ал жайгашкан жер участкасын же аны менен бирге берилүүчү тиешелүү участоктун бөлүгүн пайдалангандыгы үчүн акыны камтыйт.

3. Имаратты же курулушту арендалоо үчүн акы келишимде имараттын (курулуштун) аянт бирдигине же анын өлчөмүнүн башка көрсөткүчүнө белгиленген учурда, аренда акысы арендаторго берилген имаратын же курулуштун иш жүзүндөгү өлчөмүнө таянуу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [591-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-591)  
Кийинки берене: [593-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-593)
