# 591-статья. Жер участогунда турган имаратты же курулушту арендалоодо жер участкасына укук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 591-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-591

---

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча мындай кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу укуктарын берүү менен бир эле учурда ушул кыймылсыз мүлк ээлеген жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүнө укук берилет.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, арендага тапшырылып жаткан имарат же курулуш ээлеген же аны максатына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүн пайдалануу укугу арендаторго берилет.

3. Эгерде менчик укугунда арендага берүүчүгө таандык болбогон жер участкасындагы имаратты же курулушту ушул участоктун менчик ээсинин макулдугусуз арендалоо мындай участокту пайдалануунун мыйзамда белгилеген шарттарына карама-каршы келбесе, ага жол берилет.

---

Мурунку берене: [590-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-590)  
Кийинки берене: [592-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-592)
