# 581-статья. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 581-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-581

---

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү арендаторго акы үчүн транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана жаңы мөөнөткө аренда келишимин түзүүгө арендатордун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимине карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [580-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-580)  
Кийинки берене: [582-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-582)
