# 574-статья. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн милдети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 574-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-574

---

1. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн арендаторго көсөткөн кызматтары келишимде көрсөтүлгөн аренда максаттарына ылайык анын ойдогудай жана коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде арендаторго көрсөтүлүүчү кыйла кеңири чөйрөдөгү кызматтар каралышы мүмкүн.

2. Транспорт каражатынын экипажынын курамы жана анын квалификациясы тараптар үчүн милдеттүү болуп саналган келишим эрежелерине жана шарттарына жооп берүүгө, ал эми тараптар үчүн милдеттүү болуп мындай талаптар белгиленбесе, мындай түрдөгү транспорт каражатын пайдалануунун демейки практикасынын талаптарына жана келишимдин шарттарына жооп берүүгө тийиш.

3. Экипаждын мүчөлөрү арендага берүүчүнүн кызматкери болуп саналат. Алар башкарууга жана техникалык жактан пайдаланууга тиешелүү арендага берүүчүнүн буйруктарына жана транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдаланууга тиешелүү арендатордун буйруктарына баш иет.

4. Эгерде аренда келишиминде башкача каралбаса, экипаждын мүчөлөрүнүн кызматына акы төлөө боюнча чыгымдарды, ошондой эле аларды күтүүгө чыгымдарды арендага берүүчү көтөрөт.

---

Мурунку берене: [573-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-573)  
Кийинки берене: [575-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-575)
