# 570-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 570-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-570

---

1. Прокат келишими боюнча жалдоого тапшырылган мүлктү баштан-аяк жана учурдагы оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналат.

2. Прокат келишими боюнча жалдоочуга берилген мүлктү кошумча жалдоого берүүгө, жалдоочу прокат келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка беришине, жалдоочунун укуктарын күрөөгө коюуга жана аларды мүлктүк салым катары чарбалык шериктештиктерге жана коомдорго, пайлык взнос катары өндүрүштүк кооперативдерге кошууга жол берилбейт.

3-§. Транспорт каражаттарын арендалоо

1. Башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтүү менен транспорт каражаттарын арендалоо

---

Мурунку берене: [569-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-569)  
Кийинки берене: [571-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-571)
