# 569-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 569-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-569

---

1. Прокат келишими боюнча мүлктү пайдалануу үчүн акы туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир учурда төлөнүүчү төлөм түрүндө белгиленет.

2. Жалдоочу мүлктү мөөнөтүнөн мурда кайра кайтарган учурда жалдоого берүүчү ага мүлктү пайдалангандыгы үчүн алган акынын тиешелүү бөлүгүн кайра кайтарат, ушул акы мүлк иш жүзүндө кайра кайтарылган күндүн кийинки күндөн тартып эсептелет.

3. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө боюнча карызды жалдоочудан өндүрүп алуу нотариустун жазуусунун негизинде талашсыз тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [568-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-568)  
Кийинки берене: [570-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-570)
