# 568-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтерин жоюу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 568-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-568

---

1. Жалдоочу жалдоого тапшырылган мүлктү пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган анын кемчиликтерин тапканда, жалдоого берүүчү, эгерде прокат келишиминде кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, жалдоочу кемчиликтер жөнүндө билдирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө мүлктү кемчилигин жеринде акысыз жоюуга же ушул мүлктү ойдогудай абалдагы ушундай башка мүлк менен алмаштырууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери жалдоочу мүлктү пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузушунун натыйжасы болуп саналса, жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү оңдоонун жана ташуунун наркын төлөйт.

---

Мурунку берене: [567-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-567)  
Кийинки берене: [569-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-569)
