# 561-статья. Жалдоочуга мүлктү кайра кайтаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 561-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-561

---

1. Мүлктүк жалдоо келишими токтогондо жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү ойдогудай урунулушун эске алуу менен өзү алгандай абалда же келишимде шартталгандай абалда кайра кайтарууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалданган мүлктү кайра кайтарбаса же аны өз учурунда кайтарбаса, жалдоого берүүчү мүлктүн пайдаланылышы үчүн мөөнөтү өткөрүлгөн бардык убакыт үчүн акы төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн акы жалдоого берүүчүгө келтирилген зыяндын ордун толтурбаса, ал анын ордун толтурууну талап кыла алат.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жалданган мүлктү өз учуранда кайра кайтарбагандыгы үчүн келишимде неустойка каралган учурда, зыяндын орду неустойкадан ашкан толук суммада толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [560-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-560)  
Кийинки берене: [562-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-562)
