# 560-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин мүлктү пайдаланууну улантуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 560-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-560

---

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, өз милдеттерин ойдогудай аткарган жалдоочу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда башка жактарга караганда жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.

Жалдоочу жалдоо келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин күчү аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө мындай келишимди түзүүнү каалай тургандыгы жөнүндө жалдоого берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен жалдоо келишимин түзсө, өз каалоосу боюнча жалдоочу түзүлгөн келишим боюнча укуктар менен милдеттерди өзүнө которууну жана жалдоо келишимин аны менен кайрадан жаңылоодон баш тартуудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну же мындай зыяндын ордун гана толтурууну сотто талап кылууга укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 547-статьясындагы 3-пунктта каралган учурларды кошпогондо, эгерде жалдоочу мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагадан кийин жалдоого берүүчү тараптан каршы пикир болбостон мүлктү пайдаланууну улантса, келишим мурдагы эле шарттарда белгисиз мөөнөткө жаңыртылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [559-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-559)  
Кийинки берене: [561-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-561)
