Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
560-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин мүлктү пайдаланууну улантуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 27-Глава
1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, өз милдеттерин ойдогудай аткарган жалдоочу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда башка жактарга караганда жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.
Жалдоочу жалдоо келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин күчү аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө мындай келишимди түзүүнү каалай тургандыгы жөнүндө жалдоого берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен жалдоо келишимин түзсө, өз каалоосу боюнча жалдоочу түзүлгөн келишим боюнча укуктар менен милдеттерди өзүнө которууну жана жалдоо келишимин аны менен кайрадан жаңылоодон баш тартуудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну же мындай зыяндын ордун гана толтурууну сотто талап кылууга укуктуу.
2. Ушул Кодекстин 547-статьясындагы 3-пунктта каралган учурларды кошпогондо, эгерде жалдоочу мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагадан кийин жалдоого берүүчү тараптан каршы пикир болбостон мүлктү пайдаланууну улантса, келишим мурдагы эле шарттарда белгисиз мөөнөткө жаңыртылды деп эсептелет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-560" title="560-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>