# 559-статья. Жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 559-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-559

---

Жалдоочунун талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишими төмөнкүдөй учурларда сот табынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

1) жалдоого берүүчү жалдоочунун пайдалануусуна мүлктү бербегенде же мүлктү келишимдин шарттарына же мүлктү багытына ылайык пайдаланууга тоскоолдук кылганда;

2) жалдоочуга берилген мүлктө аны пайдаланууга тоскоолдук кылган, келишим түзүү учурунда жалдоого берүүчү тарабынан айтылбаган, жалдоочуга мурдатан белгисиз болгон жана ал мүлктү карап чыгуу же келишим түзүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалышы мүмкүн болбогон кемчиликтер бар болсо;

3) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же келишимге ылайык мүлктү баштан-аяк оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналган учурда жалдоого берүүчү келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт келишимде жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө мүлктү баштан-аяк оңдобосо;

4) жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам мүлк пайдаланууга жараксыз абалда калса.

Ушул Кодекстин 411-статьясынын 2-пунктуна ылайык мүлктүк жалдоо келишиминде жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун башка негиздери да белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [558-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-558)  
Кийинки берене: [560-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-560)
