# 557-статья. Мүлктүк жалдоо келишимин жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда токтоткондо кошумча жалдоо келишиминин токтотулушу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 557-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-557

---

1. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишиминин токтотулушуна алып келет. Мындай учурда кошумча жалдоочу токтотулган мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык шарттарда кошумча жалдоонун калган мөөнөтүнүн чектеринде кошумча жалдоо келишимине ылайык өзүнүн пайдалануусундагы мүлктү жалдоого келишим түзүшү мүмкүн.

2. Эгерде ушул Кодексте каралган негиздер боюнча мүлктүк жалдоо келишими жараксыз болуп саналса, ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишимдери да жараксыз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [556-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-556)  
Кийинки берене: [558-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-558)
