# 554-статья. Мүлктү күтүү боюнча жалдоого берүүчүнүн милдеттенмелери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 554-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-554

---

1. Эгерде мыйзамда же мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү өз эсебинен баштан-аяк оңдоого милдеттүү.

Баштан-аяк оңдоо келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми ал келишимде аныкталбаса же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыкса - акылга сыярлык мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Жалдоого берүүчү баштан-аяк оңдоо боюнча милдеттерин бузушу жалдоочуга өз каалоосу боюнча:

келишимде каралган же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыккан баштан аяк оңдоону жүргүзүүгө жана оңдоонун наркын жалдоого берүүчүдөн өндүрүп алууга же аны жалдоо акысынын эсебине кошууга; жалдоо акысын тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга; келишимди бузууну же зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укук берет.

---

Мурунку берене: [553-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-553)  
Кийинки берене: [555-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-555)
