# 553-статья. Жалданган мүлктү тескөө. Жалданган мүлктү кошумча жалдоо жана кайра жалдоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 553-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-553

---

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен жалданган мүлктү кошумча жалдоого (субарендага) тапшырууга, мүлктүк жалдоо келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка берүүгө (кайра жалдоо), ошондой эле өзүнүн жалдоочу укуктарын күрөөгө коюуга жана мындай жак катары чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына каражат же өндүрүштүк кооперативдерге пайлык взнос кошууга укуктуу. Кайра жалдоону кошпогондо, көрсөтүлгөн учурларда келишим боюнча жалдоого берүүчүгө карата жалдоочу жооптуу бойдон калат. Кошумча жалдоо келишими мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, кошумча жалдоо келишимине карата мүлктүк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [552-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-552)  
Кийинки берене: [554-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-554)
