# 552-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 552-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-552

---

1. Жалдоочу мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык, ал эми келишимде мындай шарттар аныкталбаса, мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалдоого берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карабастан мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына же мүлктүн багытына ылайыксыз пайдаланса, жалдоого берүүчү келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [551-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-551)  
Кийинки берене: [553-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-553)
