# 551-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 551-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-551

---

1. Жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн өз учурунда акы төлөөгө милдеттүү.

Аренда акысын төлөө тартиби, шарты жана мөөнөтү мүлктүк жалдоо келишиминде аныкталат.

2. Жалдоо акысы жалданган бүткүл мүлк үчүн бүтүндөй же анын ар бир курамдык бөлүгү үчүн өзүнчө:

1) туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү төлөмдөр;

2) жалданган мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган продукциянын, түшүмдүн же кирешелердин белгиленген үлүшү;

3) жалдоочу айрым кызматтарды көрсөтүшү;

4) жалдоочу жалдоого берүүчүгө келишимде шартталган буюмдарды менчикке же жалдоого бериши;

5) жалданган мүлктү жакшыртуу боюнча келишимде шартталган чыгымарды жалдоочуга жүктөө түрүндө белгиленет.

Мүлктүк жалдоо келишиминде тараптар мүлктү пайдалануу үчүн акынын көрсөтүлгөн формаларын же акы төлөөнүн башка формаларын карай алышат.

3. Мүлктү пайдалануу үчүн акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү, бирок бир жылда бир жолудан ашык эмес өзгөртүлүшү мүмкүн. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда башка минималдуу мөөнөттөр каралышы мүмкүн.

4. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам келишимде каралган пайдалануу шарттары же мүлктүн абалы олуттуу начарласа, жалдоочу акыны тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө мөөнөтүн олуттуу бузган учурда жалдоого берүүчү андан жалдоо акысын мөөнөтүнөн мурда жалдоого берүүчү белгилеген мөөнөттө төлөшүн талап кылууга укуктуу. Мында жалдоого берүүчү акыны экиден ашык мөөнөт үчүн катары менен мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [550-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-550)  
Кийинки берене: [552-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-552)
