549-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн жалдоого берүүчүнүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 27-Глава
549-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 549-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишимин түзүп жатканда мүлктүн кемчилиги бар экендиги жөнүндө билбеген күндө да, жалдоого тапшырылган мүлктүн аны пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган кемчиликтери үчүн жооп берет.
Мындай кемчиликтер табылган учурда жалдоочу өз каалоосу боюнча: жалдоого берүүчүдөн мүлктүн кемчиликтерин акысыз жоюуну, же жалдоо акысын тиешелүү өлчөмдө азайтууну, же мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга; төмөнкү жөнүндө алдын ала жалдоочуга билдирип, мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өзү тарткан чыгымдардын суммасын мүлктү пайдалангандыгы үчүн акыдан түздөн-түз кармап калууга; келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.
2. Жалдоочунун талаптары жөнүндө жана мүлктүн кемчиликтерин жалдоого берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө кабарландырылган жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү ойдогудай абалдагы, ошондой башка мүлккө кечиктирбестен алмаштыра алат.
3. Эгерде жалдоочунун талаптарын канааттандыруу же ал кемчиликтерди жоюуга мүлктү пайдалануу үчүн акыдан чыгымдарды кармап калышы жалдоочуга келтирилген чыгымдардын ордун толтурбаса, ал зыяндын орду толбой калган бөлүгүнүн ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
4. Жалдоого берүүчү келишимди түзүүдө айткан же жалдоочуга мурунтан белгилүү болгон же ал мүлктү карап чыгуу учурунда же келишим түзүүдө же мүлктү жалдоого берүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалууга тийиш болгон жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн жалдоого берүүчү жооп бербейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
549-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-549" title="549-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>