# 548-статья. Жалдоочуга мүлктү берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 548-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-548

---

1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык абалдагы жана багыттагы мүлктү жалдоочуга берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, мүлк жалдоого өзүнө таандык болгон бардык буюмдары жана өзүнө тиешелүү документтери (техникалык паспорту, сапат сертификаты жана башкалары) менен бирдикте тапшырылат.

Эгерде мындай буюдмар жана документтер берилбесе, бирок жалдоочу ансыз мүлктү анын багытына ылайык пайдалана албаса же келишим түзгөндө ниеттенүүгө укуктуу болгонунан кыйла өлчөмдө ажыраса, ал өзүнө жалдоого берүүчү мындай буюмдарды жана документтерди беришин, ошондой эле тиешелүү буюмдарды жана документтерди бербей коюунун натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кыла алат.

3. Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга мүлктү жалдоого келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө акылга сыярлык мөөнөттө бербесе, жалдоочу анда ушул мүлктү ушул Кодекстин 363-статьясына ылайык талап кылып алууга же келишимди бузууну жана аны аткарбай коюудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [547-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-547)  
Кийинки берене: [549-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-549)
