# 547-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 547-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-547

---

1. Мүлктүк жалдоо келишими келишимде аныкталган мөөнөткө түзүлөт.

2. Эгерде келишимде мүлктүк жалдоо мөөнөтү аныкталбаса, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Мында тараптардын ар бири келишимден баш тарта тургандыгы жөнүндө экинчи тарапка бир ай мурда, ал эми кыйылсыз мүлктү жалдаган учурда - үч ай мурда эскертип, келишимден каалаган учурда баш тартууга укуктуу. Келишимде белгисиз мөөнөткө түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишимин токтотуу жөнүндө эскертүү үчүн башка мөөнөт белгилениши мүмкүн.

3. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда келишимдин максималдуу (эң жогорку) мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Мындай учурларда, эгерде келишимде жалдоо мөөнөтү аныкталбаса жана тараптардын бири да мыйзамда белгиленген эң жогоку мөөнөт аяктаганга чейин келишимден баш тартпаса, эң жогорку мөөнөт аяктагандан кийин келишим токтотулат.

Мыйзамда белгиленген эң жогорку мөөнөттөн ашык мөөнөткө түзүлгөн мындай мүлктү жалдоо келишими эң жогорку мөөнөткө барабар болгон мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [546-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-546)  
Кийинки берене: [548-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-548)
