# 543-статья. Мүлктүк жалдоо объекттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 543-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-543

---

1. Мүлктүк жалдоого жер участкалары, кен байлык участкалары жана башка обочолонгон жаратылыш объекттери, ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулуштар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана ренталануу процессинде өздөрүнүн натуралык сапатын жоготпогон башка буюмдар берилиши мүмкүн.

Мыйзамда мүлктүк жалдоого тапшырууга жол берилбеген же чектелген мүлктүн түрлөрү белгилениши мүмкүн.

2. Мыйзамда жер участкаларын жана башка обочолонгон жаратылыш объекттерин мүлктүк жалдоого тапшыруунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [542-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-542)  
Кийинки берене: [544-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-544)
