# 538-статья. Багуу боюнча милдеттер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281620..1281621>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 538-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-538

---

1. Багуу жагынан рента төлөөчүнүн милдеттери турак-жайга, тамак-ашка жана кийимге талаптарды канааттандырууну, ал эми граждандын ден соолук абалы талап кылса, аны кароону да камтышы мүмкүн. Өмүр боюу багуу келишиминде ошондой эле рента төлөөчү ырасым кызматтарын төлөшү каралышы мүмкүн.

2. Өмүр боюу багуу келишиминде багуунун бүткүл көлөмүнүн наркы аныкталышы мүмкүн. Мында багуунун жалпы көлөмүнүн наркы кеминде эки эсептик көрсөткүчтөн аз болушу мүмкүн эмес.

3. Гражданга көрсөтүлгөн же көрсөтүлүүгө тийиш болгон багуу көлөмү жөнүндө тараптардын ортосундагы талашты чечүүдө сот ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [537-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-537)  
Кийинки берене: [539-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-539)
