# 530-статья. Туруктуу рентанын сатып алуу баасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 530-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-530

---

1. Ушул Кодекстин 528- жана 529-статьяларында каралган учурларда туруктуу рентаны сатып алуу туруктуу рента келишиминде аныкталган баада жүзөгө ашырылат.

2. Мүлктү туруктуу рента төлөөгө өткөрүп берүүдөгү туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда, сатып алуу төлөнүүгө тийиш болгон рентанын жылдык суммасына ылайык келген баа боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Мүлк акысыз берилген туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда сатып алуу баасына рента төлөмдөрүнүн жылдык суммасы менен катар берилген мүлктүн баасы кошулат, ал ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктунда каралган эрежелер боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [529-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-529)  
Кийинки берене: [531-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-531)
