# 528-статья. Төлөөчүнүн туруктуу рентаны сатып алуу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 528-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-528

---

1. Туруктуу рентаны төлөөчү андан ары төлөөдөн рентаны сатып алуу жолу менен баш тартууга укуктуу.

2. Рента төлөөчү мындай баш тартууну рента төлөө токтогондон үч ай мурда же туруктуу рента келишиминде каралган андан узак мөөнөттөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирген шартта мындай баш тартуу жарактуу. Эгерде келишимде сатып алуунун башка тартиби каралбаса, рента төлөө боюнча милдеттенме рента алуучу сатып алуунун бүткүл суммасын алганга чейин токтотулбайт.

3. Туруктуу рента келишиминдеги туруктуу рента төлөөчү аны сатып алуудан баш тартышы жөнүндөгү шарты жокко эсе.

Келишимде туруктуу рентаны сатып алууга укук рента алуучунун көзү тирүүсүндө же келишим түзүлгөндөн баштап отуз жылдан кем эмес мөөнөтүнүн ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [527-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-527)  
Кийинки берене: [529-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-529)
