# 523-статья. Рента төлөнүшүн камсыз кылуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 523-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-523

---

1. Рентаны алуу үчүн кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүдө рента алуучу рента төлөөчүнүн милдеттенмелери камсыз болушу үчүн ушул мүлккө күрөө укугуна ээ болот.

2. Рента алуу үчүн акча суммасын же башка кыймылдуу мүлктү берүүнү караган рента келишиминин олуттуу шарты болуп рента төлөөчүнүн өз милдеттенмелерин камсыз кылууга (319-статья) же ушул милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тобокелдигин рента алуучунун пайдасына камсыздандыруу милдетин белгилеген шарт саналат.

3. Рента төлөөчү ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттерди аткарбаган учурда, ошондой эле рента алуучу жооп бербей турган кырдаалдар боюнча рента төлөөчү камсыз кылышын жоготкон же шарттары начарлаган учурларда рента алуучу рента келишимин бузууга жана келишимди бузуудан келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [522-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-522)  
Кийинки берене: [524-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-524)
