# 519-статья. Рента келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 519-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-519

---

1. Рента келишими боюнча бир тарап (рента алуучу) кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү экинчи тараптын (рента төлөөчүнүн) менчигине берет, ал эми рента төлөөчү алган мүлктүн ордуна рента алуучуга белгилүү акча суммасы же башка формада анын карамагына каражат берүү түрүндө мезгил-мезгили менен рента төлөөгө милдеттенет.

2. Рента келишими боюнча рентаны мөөнөтсүз (туруктуу рента) же рента алуучу жашаган мөөнөттө (өмүрлүк рента) төлөө милдеттенмесин белгилөөгө жол берилет. Өмүрлүк рента гражданды өмүр боюуу багуу шартында белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [518-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-518)  
Кийинки берене: [520-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-520)
