# 518-статья. Кайрымдуулук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 518-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-518

---

1. Жалпыга рента келтирүү максатында буюмду же мүлктүк укукту тартуулоо кайрымдуулук деп аталат.

Кайрымдуулук граждандарга, социалдык жактан коргоо мекемелерине, дарылоо, тарбиялоо, илимий, окуу, кайрымдуулук жана башка ушундай мекемелерге, музейлерге жана башка маданият мекемелерине, фонддорго, коомдук жана диний уюмдарга, ошондой эле мамлекетке жана административдик-аймактык бирдиктерге берилиши мүмкүн.

2. Кайрымдуулук кабыл алууга кимдир-бирөөнүн макулдугу же чечими талап кылынбайт.

3. Мүлк гражданга кайрымдуулук катары берилүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактарга кайрымдуулук берүүчү бул мүлктү тиешелүү багытта ренталануу шартын коюушу мүмкүн.

Мындай шарт жок болгон учурда гражданга берилген кайрымдуулук мүлкү демейдеги тартуу деп эсептелет, ал эми калган учурларда тартуу алуучу кайрымдуулукка берилген мүлктү анын багытына ылайык ренталанат.

4. Эгерде кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөн багытка ылайык ренталануу кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу мүмкүн болбосо, ал кайрымдуулук берүүчүнүн макулдугу менен, ал эми мүлктү кайрымдуулукка берген граждандын көзү өтүп кеткен же мүлктү кайрымдуулукка берген юридикалык жак жоюлган учурда - соттун чечими боюнча башка багытта ренталанылышы мүмкүн.

5. Кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөндөн башка багытта колдонуу же ушул багытты ушул статьянын 4-пунктуна ылайык келбегендей өзгөртүү кайрымдуулук берүүчүгө, анын мураскорлоруна же башка укугун мурастоочуларга кайрымдуулукту алып салуу талабын коюуга укук берет.

6. Ушул Кодекстин 513- жана 514-статьяларынын жоболору кайрымдуулуктарга карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [517-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-517)  
Кийинки берене: [519-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-519)
