# 514-статья. Тартуулоону алып салуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 514-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-514

---

1. Тартуу алуучу тартуулоочунун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаган учурда тартуулоону сот тартибинде алып салууга жол берилет.

Тартуу алуучу тартуулоочунун өмүрүн атайылап кыйган учурда тартууну сотто алып салуу талабын коюу укугу анын мураскорлоруна таандык.

2. Эгерде тартуулоочу тартуу алуучудан узак жашаса, тартуулоо келишиминде тартуулоочунун тартуулоону алып салуу укугу шартталышы мүмкүн.

3. Эгерде тартууланган буюм тартуулоону алып салган учурга чейин натуралай сакталса, тартуулоону алып салган учурда тартуу алуучу ал буюмду кайра кайтарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [513-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-513)  
Кийинки берене: [515-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-515)
