# 513-статья. Тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 513-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-513

---

1. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тартуулоочунун мүлктүк абалы олуттуу начарласа, анда ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Тартуулоону алып салууга тартуулоочуга укук берген негиздер боюнча ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу (514-статьянын 1-пункту).

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча тартуулоочу тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартышы тартуу алуучуга чыгымдардын ордун толтуруу талап укугун бербейт.

---

Мурунку берене: [512-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-512)  
Кийинки берене: [514-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-514)
